Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:32

Мектеп китебинин Үркүн тууралуу мазмуну өзгөрбөйт


Мектептерде 9-класстын окуучуларынын "Кыргызстандын тарыхы" китебинин мазмуну өзгөрбөйт. Бул тууралуу “Азаттыкка” Билим берүү академиясынын кызматкери Сейит Жаанбаев билдирди. Анын айтымында, 15-февралда аталган академияда тарыхчылар, коомдук ишмерлер жана орус элчилигинин өкүлдөрү чогулуп, тарых китептин мазмуну боюнча жыйын курду. Узакка созулган талкуудан соң мазмун боюнча талашып-тартышкан эки тарап мунасага келди.

“Кыргызстандагы орус мекендештер” бирикмеси тарых китептин мазмунун өзгөртүүгө каршы чыкан. Уюмдун жетекчиси Александр Иванов басылмадагы 1916-жылдагы Үркүн тууралуу фактылар окуучулар арасында улут аралык араздашууну козутарын айткан. Китептин автору Мурат Иманкулов мындай айыпты четке кагып, Ивановду сотко берген болчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG