Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:49

“Кыргызстанды сактоо” кыймылы мартта курултай өткөрөт


Аталган оппозициялык кыймыл бүгүн Бишкекте жыйынга чогулду. Анда 13-мартта Бишкектин борбор аянтында республикалык курултай өткөрүү, өлкө жетекчилеринен отчет алуу талабы коюлду. Бул тууралуу “Азаттыкка” “Кыргызстанды сактоо” кыймылынын саясий кеңешинин мүчөсү Ыргалай Бекмуратова билдирди.

Жыйында ошондой эле Кытайдын Кыргызстанга экспанциясын, саясий куугунтукту токтотуу, Кумтөр боюнча митингде камака алынган депутаттарды бошотуу, Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы келген кендерди казууну токтотуу, Кумтөр боюнча мыйзамсыз келишим түзгөн аткаминерлерди жоопко тартуу, чек ара маселесин чечүү, апрель окуяларында талоончулукка катышкандарды жоопко тартуу өңдүү талаптар айтылды.

Былтыр август айында бир катар партиялар жана коомдук бирикмелер “Кыргызстанды сактоо” аттуу оппозициялык блокко бириккен. Алар башкы максаты президентти, өкмөттү жана парламентти кетирип, бийликти эл ишениминдеги өкмөткө өткөрүп берүү, 1993-жылдагы Баш мыйзамга кайтып келүү экенин жарыялашкан. Бийлик өкүлдөрү кыймылдын мындай талаптары негизсиз экенин билдиришүүдө. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG