Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:52

Кызыл Крест: Сирияда “катастрофалык” гуманитардык кырдаал түзүлдү


Эл аралык Кызыл Крест уюму Сириядагы гуманитардык кырдаалды “катастрофалык” деп мүнөздөдү. Кызыл Кресттин жетекчилеринин бири Пьер Кренбюлдун билдиришинче, алардын уюму эки жылдан бери кандуу булоондо жабыркаган адамдарга гумжардам жеткириш үчүн козголоңчулар жана Асаддын өкмөтү менен иштешүүдө. Бул уруш, Улуттар Уюмунун эсебинче, 70 миңдей адамдын өмүрүн алды.

Көтөрүлүшчүлөр Алеппо шаарынын четиндеги аскерий базаны басып алышканын айтышууда. Оппозиция активисттери Идлиб провинциясындагы Хан Шейхун шаарчасын өкмөттүк күчтөрдүн аткылоосунан кеминде 11 киши набыт болгонун маалымдашты. Дамасктын чыгыш бөлүгүндөгү Жобар районундагы адаватчылардын өңүттөрү тынбай аткыланып жатканы да кабарланууда.

XS
SM
MD
LG