Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:36

Ири державалар салык төлөөнүн дүйнөлүк эрежеси үчүн


Британия, Франция жана Германиянын финансы министрлери эл аралык корпорациялардын салык төлөөдөн качуусуна бөгөт койуу үчүн салык төлөөнүн дүйнөлүк эрежесин иштеп чыгууга үндөштү. Алар мындай кайрылууну "Чоң жыйырманын" Москвада өтүп жаткан жыйынынан тыш убакта жасашты.

Азыр казынасы каржалып турган улуттук өкмөттөр бюджеттин кирешесин көбөйтүүнүн жолдорун издеп жаткан учур. Жыл башында Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюму жарыялаган изилдөөгө караганда, мамлекеттердин салык системасы ар түрдүү экенинен пайдаланып, корпорациялар киреше булагын салык аз төлөнчү өлкөлөргө оодарып кетишет.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG