Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:57

Кыргызстандагы сүт заводдоруна жаңы талаптар коюлду


Сүт ишканалары тууралуу эл аралык комиссиянын корутундусу келгенин "Азаттыкка" бүгүн Кыргызстандын башкы ветеринардык инспектору Самат Алиев билдирди. Бажы биримдигинин комиссиясынын корутундусунда ар бир ишканадагы санитардык жана башка шарттарга байланышкан кемчиликтер көрсөтүлгөн. Алардын катарында ишканалардагы кызматкерлерди окутуу, кол жуучу жайлардын акыркы стандартта, колдонулган металл идиш-аяктардын жаңы болуусу керектиги сыяктуу бир топ талаптар жазылган.

Ишканаларга жана Санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык мамлекеттик инспекциянын аймактардагы башкармаларына корутундуда айтылган кемчиликтерди жоюу боюнча тапшырмалар берилди. Самат Алиевдин айтымында, ар бир ишканага бирден ветеринардык дарыгерди иштетүү пландалууда. Ишканалар документте айтылган кемчиликтерди жоюп, белгиленген иштерди жасап бүткөндөн кийин мамлекеттик инспекция бул тууралуу отчетту кайра Бажы бирикмесинин комиссиясына жөнөтөт.

Кыргызстанда продукциясын негизинен Казакстанга экспорттогон 11 сүт иштетчү ишкана бар. Иши санитардык эрежелерге шайкеш келбейт деген жүйөө менен Казакстан алардын азыктарын алуудан баш тарткан. Күнүнө 5 миллион сомдук продукция экспорттогон заводдор өткөн жылдын октябрынан тарта сүт, быштактарын сыртка чыгара албай турат. (AKu)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG