Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:01

Эки адамды машинасы менен коюп кеткен деп шектелген жаран кармалды


Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунда эки адамды коюп кеткен деп шектелген айдоочу кармалды. 14-февралда түнкү саат 12 жарым чамасында Григорьевка айылынын жанында жолдо машинасынын дөңгөлөгүн алмаштырып жаткан айдоочу менен анын жүргүнчүсүн машина уруп кеткен. Жүргүнчү дароо мерт кеткен, айдоочу оор абалда ооруканада жатат. Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдиргендей, кылмышка Ысык-Көл районунун 1982-жылы туулган жашоочусу шектелип жатат. Ал жолдогу унааны сүзүп, эки адамды 13 метрдей сүдүрөп барган. Окуя болгон жерден изин жашырган жаран кечээ көл жээгинен кармалды. Жабыр тарткандар экөө тең 1988-жылы туулган Темир Байсариев айылынын тургундары. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат. (AKu)

XS
SM
MD
LG