Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:17

Түркмөнстандык абийир туткундары эркиндикке чыкты


Аннакурбан Аманкылычев жана Сапардурды Хажиев жаза мөөнөтүн толук аяктап, 16-февралда абактан чыгышканын эл аралык Хюман Райтс Уоч уюму жана Түркмөнстандын Хельсинки фонду билдирди. Алар 2006-жылы Франциянын өкмөттүк “France 2” телеканалына Түркмөнстан тууралуу даректүү фильм тартканга жана адам укугунун абалы жөнүндө маалымат топтоого көмөктөшкөнү үчүн жети жылга сотолгон. Адегенде сот аларды Батыш чалгындоо кызматтары менен кызматташкан деп айыптап, аны кийин “мыйзамсыз ок атуучу курал сактады же сатты” деген айып менен алмаштырган. Удаа эле “Азаттыктын” кабарчысы Огулсапар Мурадова алты жылга кесилип, эки жумадан кийин абакта жан берген. Туугандарынын айтышынча, Мурадованын денесинде кыйноонун издери болгон.

Эл аралык укук коргоочу уюмдар, анын ичинде Human Rights Watch Аннакурбан Аманкылычев жана Сапардурды Хажиевге эркиндик берүүгө, Огулсапар Мурадованын ишин ачык тергөөгө чакырган.

Эл аралык мунаыпс уюму 2011-жылы Аманкылычев менен Хажиевди абийир туткуну деп атаган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG