Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:57

"Баланын турпаты" Берлин кинофестивалынын баш байгесин утту


Румыниялык режиссер Кэлин Питер Нетцердин “Баланын турпаты” деп аталган көркөм тасмасына 63-Берлин кинофестивалынын баш байгеси - “Алтын аюу” ыйгарылды. Фильм окуучу баланы машине айдап баратып уруп кеткен уулун абактан куткаруу үчүн түрдү айла-амалга барган эне менен перзентинин мамилеси жөнүндө. Калыстар тобу “Көчкүлөрдүн ээси” фильмин тарткан америкалык Дэвид Гордон Гринди мыкты режиссер деп тапты. “Жабык парда” фильминин сценарийи эң мыкты деп аталды. Аны Иран бийликтери 20 жылга фильм тартууга тыйуу салган режиссер Жафар Панахи жазган. Панахи антиөкмөттүк пропаганда жүргүзөт деп айыпталып, 2010-жылдын декабарынан бери үй камагында отурат. Жафар Панахиге 2012-жылы ой эркиндиги үчүн берилчү Сахаров сыйлыгы ыйгарылган.

XS
SM
MD
LG