Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:08

Сүт азыктары боюнча Бажы биримдигинин талаптары аткарыла баштады


Бул тууралуу "Азаттыкка" Кыргызстандын Санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык инспекциясынын ветеринардык департаментинин башчысы Жаныбек Султанов билдирди. Анын айтымында, учурда Бажы биримдигинин эксперттери көрсөткөн кемчиликтерди жоюу боюнча иштер жүрүүдө. Ага ылайык, ар бир сүт комбинатына ветеринардык адистер штаттары ачылууда. Муну менен катар сүт ишканаларына мурда оору катталган аймактардан сүт алууга тыюу салынды. Эми белгиленген иштер аткарылган соң ветеринардык департамент атайын отчетту кайра Бажы биримдигинин комиссиясына жөнөтөт.

Казакстан Кыргызстандан өткөн жылы октябрь айынан тарта сүт алууну токтотуп, ага Кыргызстанда малдын башын идентификациялоо мыйзамы жоктугу жана өлкөдөгү санитардык-ветеринардык абалдын начардыгы себеп болгону айтылган . Андан соң декабрь айында Бажы биримдигинин эксперттери Кыргызстандагы сүт комбинаттарын текшерүүдөн өткөрүп, бир катар талаптарды койгон.(BkA)

XS
SM
MD
LG