Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:49

Арменияда бүгүн президенттик шайлоо болот


Бул өлкөнүн эли Советтер Союзунан бөлүнүп, эгемендик алганы 5-ирет президентин шайлашат. Президенттик тактыны 6 талапкер мелжегени менен, азыркы президент Серж Саркисяндын кайрадан шайланууга мүмкүнчүлүгү жогору экени айтылууда. Алдын-ала сурамжылоолорго караганда, Саркисян шайлоочулардын 70 пайызынын колдоосуна ээ болушу мүмкүн.

Саркисян 2008-жылы алгач ирет шайланып, анын ант берүү аземинде демонстранттар менен полиция кагылышып, 10 адам каза тапкан эле.

Бул президенттик шайлоо өнөктүгүндө талапкерлердин бирине кол салынып, ок жесе, экинчиси жыйынтык белгилүү боло электе эле ачкачылык жарыялаганы менен эсте калды.

Учурда Армениянын экономикасы дүйнөлүк каржы кризисинен кийин калыбына келе албай турат. Ошондой эле коңшу Азербайжан жана Түркия менен 1990-жылкы Тоолуу Карабах жаңжалынан кийин мамилени жөнгө сала албай келет.

XS
SM
MD
LG