Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:10

Бүгүн Арменияда президенттик шайлоо күнү


Бул өлкө төбөлсүз болгондон берки бешинчи президенттик шайлоо. Сурамжылоолорго караганда, алты талапкердин ичинен азыркы президент Серж Саркисянды колдогондор көп жана ал 70 процент добуш менен экинчи мөөнөткө шайланышы мүмкүн.
Еревандагы Регионалдык изилдөөлөр борборунун башчысы Ричард Гирагосяндын айтышынча:

- Бул Армениянын тарыхындагы атаандашсыздык эң аз шайлоо. Ошондуктан шайлоого караганда анын жүрүшүнө өзгөчө көңүл бурулууда.

Саясый өнөктүк маалында бир талапкерге кол салынып, башка бир талапкер ачкачылык жарыялады.

2008-жылы Саркисяндын жеңиши жарыялангандан кийин нааразы адамдар менен полиция арасында болгон кагылышта он киши өлгөн. 1990-жылдардын башындагы Тоолуу Карабах үчүн Азербайжан менен болгон согуштан бери Армения коңшулары Азербайжан жана Түркия тараптан камоодо.

XS
SM
MD
LG