Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:03

Венесуэла президенти Уго Чавес Ата Журтуна келди


Ага эки ай мурда ракка каршы операция жасалгандан бери Кубада дарыланып жаткан. Чавес дүйшөмбү күнү Твиттерге: “Мен Венесуэладагы эне журтума кайра келдим. Кудайга ырахмат. Сүйүктүү элиме ырахмат. Биз мени дарылоону ушу жерде улантабыз”, - деп жазды. 58 жаштагы Уго Чавестин рак менен ооруп жатканы 2011-жылы аныкталгандан кийин ага үч жолу операция жасалды. Ал куландай таза экенин айтып, октябрдагы шайлоодо алты жылга кайра президенттике шайланды. Бирок ден соолугу кескин начарлап кеткендинтен төртүнчү жолу операцияга жаткырылган жана саламаттыгына байланыштуу 10-январга белгиленген инаугурациясы кийинге калтырылган.

Чавес өлкөнү жетектеген он төрт жылда Венесуэла АКШнын Иран жана Сирия сыяктуу оппоненттери менен жакшы алака түздү.

XS
SM
MD
LG