Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:30

Эквадор: Корреа президенттик шайлоодо жеңгенин жарыялады


Алдын ала маалыматтарга караганда, Рафаэл Корреаны шайлоочулардын дээрлик 57 проценти колдоду. Анын негизги атаандашы, мурдакы банкир Гилермо Лассо добуштардын 23 процентин алды. 48 жаштагы социалист Рафаэл Коррера калктын жарды катмарынын жашоо жолоюн жакшыртуу жана социалдык жактан камсыздоону кеңейтүү менен көпчүлүктүн колдоосуна жетишти. Оппозиция Корреаны каршы тараптын пикирин укпайт, диктатура орнотууда деп сындап жүрөт. Корреа бийликке келген 2007-жылга чейинки он жылда Эквадордо жети президент алмашкан. Анын тушунда Эквадор Иран жана Кытай менен ынак мамиле курду.

14, 6 млн. калктуу Эквадор ири мунай экспорттоочу өлкө. Эң чоң кардары Кытайга Эквадор 3, 4 миллиард доллар карыз.

XS
SM
MD
LG