Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:28

Кыргызстанда каржы сабаты боюнча коммерциялык эмес сайт иштей баштады


www.finbilim.kg долбоору каржы маселесиндеги эркиндик, насыялар, жеке казына боюнча маалымат жана кеңеш берүүнү көздөйт. Сайтка акчаны туура колдонуу менен бирге кыймылсыз мүлктү пайдалануу, келечектеги стабилдүү кирешени түзүү, турмуш-тиричиликте колдонулуучу буюмдарга болгон чыгымдарды көзөмөлдөө, чет өлкөгө эс алууну пландаганда акчаны туура сарптоо боюнча бөлүмдөр киргизилген.

Баракчадагы он-лайн эсептегич канча жылда миллионер болууну аныктап бере алат дешет сайттын түзүүчүлөрү. Насыя алуунун жана аны колдонуунун, чыгымдарды кирешеден бөлүп кароого жол көрсөтүү, акциялар тууралуу маалымат аталган сайтта кеңири берилген. Каржы сабаттуулугу боюнча ачылган сайт инвесторлорго, жаш ишкерлерге жана студенттерге өздүк казынаны он-лайн режиминде алып барууга мүмкүнчүлүк түзөт, дешет сайттын түптөөчүлөрү. (JAk)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG