Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:33

Атамбаев: түндүк-түштүктү бириктирген экинчи жолду куруу керек


Бул тууралуу бүгүн президент Атамбаев транспорт жана коммуникациялар министри Калыкбек Султановду кабыл алынган учурда билдиргенин өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, Алмазбек Атамбаев өлкөнүн түндүк жана түштүк дубандарын байланыштырган экинчи жолдун курулушун жакынкы 5 жыл аралыгында бүткөрүү зарылдыгын билдирген. Министр Калыкбек Султанов учурда бул жолдун техника-экономикалык негиздемесин даярдоо менен каржы булактары караштырылып жатканын айткан. Бул жолдун узундугу болжол менен 450 чакырымга созулуп, курулуш иштерин үч этап менен жүргүзүү пландалууда.

Учурда Кыргызстан түндүгү менен түштүгүн Бишкек-Ош жолу гана байланыштырып турат.

XS
SM
MD
LG