Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:58

Нигерияда жети чет элдик уурдалды


Өзүн “Ансару” деген исламчыл топ “Setraco” фирмасында иштеген “ливандыктарды жана алардын европалык коллегаларын барымтага” алганын дүйшөмбү күнү маалымат агенттиктерине жиберген катында тастыктады. Билдирүүдө Ооганстан жана Мали сыяктуу өлкөлөрдө “Алланын динине карата жасалып жаткан жамандыктарга жооп кылып, чет элдиктер барымтага алынганы” айтылат. “Ансару” уюмунун согушчандары Нигериянын түндүгүндө ливандык компания куруп жаткан инженердик объектиге ишемби күнү кол салып, күзөтчүнү атып кетишкен.

Барымтадагылардын арасында ливандыктар, британдар, гректер жана италиялыктар бар деп болжолдонууда.

XS
SM
MD
LG