Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:59

Бүгүн Камбар-Ата-1 ГЭСи боюнча парламенттик угуу өтөт


Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Каныбек Иманалиев билдирди. Анын айтымында, парламентте ГЭСти куруу келишими боюнча суроо көп жана пикирлер эки ача болууда. Ошондуктан аны талкуулап, позицияны аныктоо зарыл болуп турат.

Кыргыз-орус өкмөттөрү Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу боюнча өткөн жылы сентябрь айында макулдашкан. Бул келишим учурда Жогорку Кеңештин кароосунда турат. Бир катар депутаттар Камбар-Ата-1 ГЭСи боюнча келишим Кыргызстандын улуттук кызыкчылыгына туура келбесин айтып, каршы чыгышууда.

Азырынча Камбар-Ата-1 ГЭСи качан курулары белгисиз. Келишим боюнча долбоорду толугу менен Орусия каржылайт, бирок үлүш теңме-тең бөлүнмөкчү.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG