Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:30

Армениядагы президенттик шайлоодо Саркисян алдыда


Дүйшөмбүдө өткөн президенттик шайлоонун алдын-ала жыйынтыктары боюнча, Армениянын учурдагы президенти Серж Саркисян башка атаандаштарынан ат чабым алдыда келетат.

Азыркыга чейин белгилүү болгон расмий жыйынтыктарга караганда, Саркисян 61 пайызга жакын добуш алды. Анын негизги атаандашы делген мурдагы тышкы иштер министри Раффи Ованесян болжол менен 34 пайыз шайлоочулардын ишенимине татыган. Ованесян шайлоо алдамчылыкка айланып, бийликтер Саркисянды дагы бир мөөнөткө президенттик такта калтыруу үчүн мыйзам бузууга барып жатканын айтып чыкты. Бирок бийлик өкүлдөрү айрым мыйзам бузууларды мойнуна алганы менен талапкердин айткан дооматтарын четке какты.

Дүйшөмбүдө өткөн президенттик шайлоо өлкөнүн эгемен тарыхындагы бешинчи шайлоо. Ага шайлоочулардын 60 пайызга жакыны катышты. Бүгүн ЕККУ, Евробиримдик баштаган эл аралык уюмдардын байкоочулары шайлоонун жүрүшү боюнча өз баасын бериши күтүлүүдө.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG