Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:12

Калманбетов: Камбар-Ата-1 ГЭСи 14 жылда өзүн актайт


Бул тууралуу энергетика жана өнөр жай министри Автандил Калмамбетов бүгүн Бишкекте Камбар-Ата-1 ГЭСи боюнча өтүп жаткан парламенттик угууда билдирди. Ал эми Жогорку Нарын каскады өзүн акташ үчүн 10 жыл керек болот. Нарын дарыясына курулчу ГЭСтер боюнча да, Камбар-Ата-1 боюнча да тараптар 50 пайыздан үлүшкө ээ болот. ГЭСтер өзүн өзү актаганга чейин 25% үлүшү ишеним башкармалыгына берилет.

Келишимге ылайык, Камбар-Ата-1дин директорлор кеңешинин 3 мүчөсү Кыргызстандан, экөө Орусиядан болсо, Нарын дарыясына курулчу ГЭСтердики тескерисинче Кыргызстандан 2, Орусиядан 3 мүчө болот. Директорлор кеңеши болсо ар бир 3 жылда ротация болуп турат. Ал эми техникалык-экономикалык негиздемени толугу менен Орусия жүргүзөт. Кыргызстан аларга аянтты пайдаланууга жана курулушту баштоого укук берет.

Кыргыз-орус өкмөттөрү Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу боюнча өткөн жылы сентябрь айында макулдашкан. Бул келишим учурда Жогорку Кеңештин кароосунда турат. Бир катар депутаттар Камбар-Ата-1 ГЭСи боюнча келишим Кыргызстандын улуттук кызыкчылыгына туура келбесин айтып, каршы чыгышууда. (КЕ/ZB)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG