Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:56

Барактыктардын чек арадан өтүүсүн жөнөкөйлөштүрүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө


Бул тууралуу бүгүн Чек ара кызмытынын башчысы Токон Мамытов Өзбекстандын аймагындагы Кыргызстандын эксклавынын жашоочулары менен жолуккан учурда билдирди. Жолугушууда барактыктардын "Достук" мамлекеттик чек араны кесип өтүүсүн жөнөкөйлөштүрүү жана эксклавдын башка көйгөйлөрү талкууланды. Барактыктар социалдык-экономикалык мүнөздөгү бир катар талаптарды койду.

Аталган мекеменин маалымат кызматынан кабарлашкандай, эки тараптуу келишимдерге ылайык, 2013-жылдын 17-февралында Барак эксклавына “Ак-таш” өткөрүү пункту аркылуу жүк жеткирилди. Барак айылынын медициналык жардамга муктаж болгон 27 тургуну кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынан Чек ара кызматынын жардамы аркылуу өткөн.

Мурда барактыктар Кыргызстанга Бирлешкен чек ара бекети аркылуу катташчу. Бекет январь айынын башында Баткендеги Чарбак жаңжалынан кийин жабылып калган.(КЕ)

XS
SM
MD
LG