Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:06

Абактагы депутат Нариман Түлеев суу иче баштады


Бул тууралуу "Азаттыкка" акыйкатчы Турсунбек Акун билдирди. Акундун айтымында, ал шейшембиде УКМКнын тергөө абагына кирип, Нариман Түлеевдин абалы менен таанышып чыккан. 15-февралдан бери кургак ачкачылык кармап, тамактан баш тарткан Түлеев суу ичүүгө макул болгон.

Акун билдиргендей, депутаттын ачкачылык жарыялашына УКМКнын медициналык мекемесинин жетекчиси Нияз Алдашев тергөө абагынын ооруканасында дарылоо үчүн андан 50 миң доллар талап кылганы, ден соолугу начарлаганына карабай тергөө абагына которгону себеп болгон.

Түлеевдин ачкачылык жарыялаганы тууралуу маалыматты Турсунбек Акун 18-февралда айтып чыккан. Андан соң УКМКнын тергөө абагынын жетекчиси Мирбек Муканбетов кызматтан убактылуу четтетилип жана абактын ички медициналык кызматынын жетекчиси Нияз Алдашев кызматынан алынды. УКМКнын басма сөз кызматы Түлеевден акча талап кылган деп кине коюлуп жаткан Нияз Алдашевдин үстүнөн азыр кызматтык иликтөө жүрүп жатканын маалымдады. Эгер Алдашевдин акча талап кылганы ашкереленсе, анын үстүнөн кылмыш иши козголуп, жоопко тартылышы мүмкүн.

Бишкек шаарынын мурунку мэри, азыр “Ата Журт” партиясынын депутаты Нариман Түлеев өткөн жылы 21-июнда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагына камакка алган. Ага 2008-жылы Бишкек мэри болуп турган кезде Кытайдан автобустарды алып келүүдө мамлекетке ири көлөмдөгү зыян келтирген деген айып тагылган.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG