Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:31

Кыргызстандык фотосүрөтчүлөрдүн көргөзмөсү ачылат


Бүгүнтөн тарта Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы көркөм өнөр музейинде “Жарык тарапта” аттуу кыргызстандык фотосүрөтчүлөрдүн көргөзмөсү ачылат. Бул тууралуу аталган музейден кабарлашты. Көргөзмөдө Сагын Айылчиев, Эркин Болжуров, Андрей Белибо, Георгий Колотов, Шайлоо Жекшенбаев сыяктуу 12 фото сүрөтчүнүн Кыргызстандагы элдин күнүмдүк турмушун чагылдырган ар кыл темадагы 60тан ашык сүрөттөрү коюлат.

3-мартка чейин созулган көргөзмөнүн жүрүшүндө авторлор менен жолугушуулар, лекциялар, мастер-класстар уюштурулмакчы. (BkA)

XS
SM
MD
LG