Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:20

Сатыбалдиев: Кумтөрдүн иши бир күн да токтобойт


Кумтөр алтын кенин иликтеген мамлекеттик комиссия ушул тапта парламентте баяндама жасап жатат. Ага катышып жаткан өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев комиссиянын жыйынтыгын калыс деп баалады. Ал Кумтөр келишими боюнча өкмөт да тиешелүү иштерди жасап, 1-вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев башында турган жумушчу топ түзүлгөнүн айтып, Кумтөрдүн жетекчилери менен жолугушуулар болгонун кошумчалады. Өкмөт башчы Кумтөрдүн тегерегинде кандай гана талаш-тартыштар болбосун, кен казуу бир күн да үзгүлтүккө учурабай турганын билдирди.

Өткөн аптада “Центерра голд” компаниясынын президенти Ян Аткинсон Кыргызстанга келип, өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев баш болгон бир катар жетекчилер менен жолугуп, анда “Центерра голддун” президенти түзүлгөн кырдаалдан конструктивдүү сүйлөшүүлөр аркылуу чыгууга даярдыгын билдирген. (ZB/JAk)

XS
SM
MD
LG