Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:15

Жалал-Абадда “Хизб-ут Тахрирдин” мүчөсү делген 5 киши кармалды


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекетик комитет 19-февралда Жалал-Абадда оперативдүү-иликтөө иштерин өткөрүп, диний-экстремисттик "Хизб-ут Тахрир" уюмунун активдүү мүчөлөрү деп шектелгендерди кармады. УКМК кармаган жарандардан көп сандагы экстремисттик мазмундагы диний адабияттар, түрдүү баракчаларды даярдоочу электрондук жабдуулар табылган.

Комитеттин тергөө уюму буга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 299-беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду.

Жыл башынан бери УКМКнын Жалал-Абад облустук башкармалыгы милиция менен биргелешип, “Хизб-ут Тахрир” уюмунун эки мүчөсүн кармап, алардын ишин сотко өткөргөн. (YA)

XS
SM
MD
LG