Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:38

Ала-Букада 6 чек ара бекети курулат


Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы бул чек ара бекеттердин курулушун АКШнын Борбордук командачылыгы каржылайт. Бекеттер курулчу жерди жергиликтүү бийлик бөлүштүрүп берди. Чек ара кызматынын маалымат катчысы Гүлжамал Бөрүбаева мындан сырткары да эл аралык уюмдардын жардамы менен 17 чек ара бекетиндеги офицерлердин үйлөрү, ашкана, аскерлер үчүн жатакана куруларын билдирди. Бөрүбаеванын айтымында, алардын көпчүлүгү өлкөнүн түштүк аймагына курулат.

Бүгүнкү күндө көптөгөн чек ара бекеттери, чек арачылардын жатаканалары оңдоого муктаж. Быйыл кыргыз өкмөтү Лейлек районундагы чек арачы офицерлерге 16 батирлүү үй куруу үчүн каражат бөлгөн. (YA)

XS
SM
MD
LG