Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:20

Орусия Сирия бийлиги менен оппозициясынын сүйлөшүүсүнө платформа болууга даяр


Бул тууралуу орус тышкы иштер министри Сергей Лавров бүгүн Москвада орус –араб форумунун алгачкы сессиясынан кийин билдирди. Ал белгилегендей, Орусия жана араб өлкөлөрү азыр Сириянын жаатташкан эки тарабын сүйлөшүү столуна алып келүү үстүндө иштөөдө. Лавров ошондой Араб лигасы Сирия жаңжалын жөнгөрүүдө жетектөөчү роль ойноосу керектигин кошумчалады.

Орус-араб форумуна катышып жаткан Араб лигасынын башчысы Набил эл-Араби болсо өз кезегинде Сирия өкмөтүнө таасиринен улам Орусиянын ортомчулугу эки жылга аяк баскан жаңжалды жөнгө салууда чечүүчү мааниге ээ экендигин белгиледи. (UE)

XS
SM
MD
LG