Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:17

Казакстанда арак заводду жардырууну көздөгөн үч адам соттолду


Былтыр Казакстанда чуу чыгарган "Байтерек" арагы.
Былтыр Казакстанда чуу чыгарган "Байтерек" арагы.
Актөбө шаарынын соту жергиликтүү арак заводду “исламга шек келтирди” деген жүйөө менен жардырууну көздөгөн деп айыпталган үч жигитти үч жылдан беш жылга чейин түрмөгө кести. 17-19 жаш курактагы бул жигиттер күнөөсүн моюнга алуудан баш тартышкан.

Алардын туугандары “Азаттыктын” казак кызматы менен маегинде жигиттер коопсуздук кызматынын жашыруун агенттеринин кылтагына илинишкенин, сот мыйзам бузуулар менен өткөнүн билдиришти.

Былтыр Актөбөдөгү “Геом” арак заводунун жетекчилиги Казакстан мусулмандарынан кечим сурап, продукциясын сатыктан алган эле.

Анткени заводдун “Байтерек” деп аталган арагынын капкагындагы белгиде “Аллахтан кудуреттүү эч ким жок” деген маани жаткан. Буга мусулман жамааттары нааразылык билдиришкен болчу. (UE)

XS
SM
MD
LG