Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:28

ИИМдин интернет cайты хакерлердин чабуулуна кабылды


Кыргызстандын ИИМнин интернет сайтынын хакерлик чабуулдан кийинки көрүнүшү
Кыргызстандын ИИМнин интернет сайтынын хакерлик чабуулдан кийинки көрүнүшү
Бүгүн Бишкек убактысы боюнча кечки саат сегиз ченде Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин интернеттеги баракчасын ачкандар сайт хакердик чабуулга кабылганына күбө болушту.

Хакерлик чабуулдан кийин ИИМдин сайтынын башкы бетине чыккан сөздөргө караганда, аны өзбекстандык хакерлердин “Clone Security” деп аталган тобу жасаган. Алар “Биз расизмге каршыбыз” деп жазып коюшкан.

Ушул эле топ буга дейре Өзбекстандын мамлекеттик телеканалынын, саламаттыкты сактоо министрлигинин сайттарын бузушкан.

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги сайтынын хакерлик чабуулга кабылышы боюнча азырынча комментарий бере элек. (UE)

XS
SM
MD
LG