Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:34

Жогорку Кеңеш Кумтөр кени боюнча токтом кабыл алат


Бүгүн Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутаттар Кумтөр алтын кени боюнча мамлекеттик комиссия иштеп чыккан корутундуну талкуулоону улантып, токтом кабыл алат. Парламенттин шаршембидеги жыйынында депутаттар токтом кабыл алууга жетишпей, аны бүгүнгө калтырган.

Мамлекеттик комиссиянын корутундусунда “Центерра голд” компаниясы менен 2009-жылы түзүлгөн Кумтөр боюнча келишимди кайрадан карап чыгуу сунушталган. Эгер канадалык компания бул сунушка көнбөсө, келишимди бузуу керектиги да белгиленген. Өткөн аптада “Центерра голд” компаниясынын өкүлдөрү түзүлгөн кырдаалдан конструктивдүү сүйлөшүүлөр аркылуу чыгууга даярдыгын билдирген эле.

Буга чейин парламенттин тармактык үч комитети жана коалициялык көпчүлүк комиссия корутундусун талкуулап, колдоого алган. (BkA)

XS
SM
MD
LG