Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:40

Шаар соту экс-министр Сабировдун ишин карап бүтүп калды


Бүгүн Бишкек шаар соту мурдагы социалдык өнүктүрүү министри Равшан Сабировдун иши боюнча өкүм чыгарышы күтүлүүдө. Бул тууралуу Сабировдун адвокаты Икрамидин Айткулов кабарлады. Анын айтымында, бул иш боюнча бардык күбөлөр суралып бүттү. Бүгүнкү отурумда Сабиров менен бирге айыпталып жаткан жардамчысы Тахир Мырзахметов акыркы сөзүн айтат, андан соң сот өз өкүмүн чыгарышы керек.

Мурдагы социалдык өнүктүрүү министри Равшанбек Сабировго Башкы прокуратура тарабынан чет өлкөлүк жарандарга бала асыроого уруксат берүүдө коррупциялык иштерге аралашкан деген айып тагылган. Ишти караган Биринчи май райондук соту өткөн жылдын 21-ноябрында Равшанбек Сабировду актап, анын жардамчысын 6 жылга эркинен ажыраткан. Бирок Башкы прокуратура райондук соттун мындай өкүмүнө макул болбой, Бишкек шаардык сотуна кайрылган. Шаардык сот үч айдан бери ишти кайрадан карап жатат.

Чет өлкөлүк жарандарга бала асыроого уруксат берүүдө пара алган деген айып менен учурда Сабировдун мурдагы орун басары Гүлнара Дербишованын үстүнөн да сот иши жүрүп жатат.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG