Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:21

АКШ Тажикстанды адилет шайлоо өткөрүүгө үндөдү


Тажик бийликтерин ноябрдагы президенттик шайлоону адилет, демократиялуу жана ачык айкын өткөрүүгө бүгүн Душанбедеги басма сөз жыйында Мамлекеттик катчынын Борбор жана Түштүк Азия боюнча жардамчысы Роберт Блейк чакырды. Ал белгилегендей, өлкөдө жарандык коомдун мындан аркы өнүгүүсү үчүн жарандык эркиндиктерди кеңейтүү талап кылынат.

АКШ менен Тажикстандын жылдык кеңешмесине катышуу үчүн келген Блейк президент Эмомали Рахмон менен да жолукту.

Вашингтондук жогорку даражалуу дипломат АКШнын Ооганстандан аскерлерин чыгарууда Тажикстандын инфраструктурасын колдонуу планы жоктугун кошумчалады.
(UE)

XS
SM
MD
LG