Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:37

Керри: АКШ ички проблемаларынан улам изоляцияга алдырбоосу зарыл


Жон Керри
Жон Керри
Бул тууралуу Кошмо Штаттардын жаңы мамлекеттик катчысы Жон Керри билдирди.

Ал Виржиня университетинде сүйлөгөн учурунда белгилегендей, АКШ ички экономикалык жана бюджет кыйынчылыктарынан улам дүйнөдөн изоляцияланууга алдырбашы абзел:

- Эмне үчүн глобалдык аракеттерден баш тартуубуздун куну эбегейсиз болот, биз калтырган боштук кызыкчылыктары биздикинен кыйла айрымалангандар тарабынан тез эле жабылат? Мунун сабактарын биз Малинин чөлдөрүнөн, 2001-жылы Ооганстандын тоолорунан көрдүк, Пакистандын уруулар жашаган аймагынан бүгүн да сезүүдөбүз.

Ал кошумчалгандай, келерки айдан тарта мамлекеттик чыгымдардын автоматтык түрдө кыскаруусунун күтүлүшү америкалыктарга глобалдык карым-катыштын экономикалык пайдасын түшүндүрүү зарылдыгын көргөздү.

АКШнын өкмөттүк чыгымдары эгер Конгресс чара көрө албаса, 1-марттан тарта кыскаруусу зарыл.

Мамлекеттик департаменттин билдиргенине караганда, мындан АКШнын 2,6 миллиард доллардык жардам, коопсуздук жардамы жана башка эл аралык программаларына таасир тийет.

Мамлекеттик катчынин пикиринде, бюджеттик кыскартуулар АКШ дипломатиясына болгон ишенимге шек келтирет. (UE)

XS
SM
MD
LG