Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:48

Парламентте абактагы депутат Жапаровдун кайрылуусу окулду


Кумтөр боюнча маселе каралып жаткан Жогорку Кеңеште “Ата-Журт” фракциясынын депутаты Жылдыз Жолдошева абакта жаткан кесиптеши Садыр Жапаровдун элге кайрылуусун окуп берди. Кайрылууда канадалык “Центерра Голд” компаниясынын 30 чакты акционери кыргызстандык аткаминерлер экени, алар Кумтөрдөн үлүш жана пара алып турушаары айтылат.

Социал-демкраттар фракциясынын депутаты Төрөбай Зулпукаров эгерде Жапаров белгилеген аткаминерлер тууралуу маалымат анык болсо алардын аттарын атоону талап кылды.

Садыр Жапаров 2012-жылы Кумтөр кени боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын төрагасы болгон. Ал былтыр 3-октябрда Кумтөр боюнча митинг уюштуруп, бирок ал башаламандык менен коштолуп, митинг “Ата-Журт” фракциясынын депутаттарынын Ак үйдүн темир тостомун ашып өтүүсү менен аяктаган. Азыр "Ата-Журттун" лидерлери абакта отурат. (JAk)

XS
SM
MD
LG