Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:23

Караколдо тергөө абагы чукул оңдоого муктаж


Ысык-Көлдүн Каракол шаарындагы №23 тергөө абагынын жетекчиси Таалайбек Асанбаев бүгүн маалымат жыйынын өткөрүп, абакта акыркы 20 жыл аралыгында бир да жолу капиталдык оңдоп-түзөө болбогонун айтты. “Болжол менен 1900-жылдары салынган абакты оңдоо үчүн азыр тиешелүү органдарга кайрылып жатабыз”, - деди Асанбаев. Имаратты капиталдык оңдоого 1 млн. 500 миң сом керектелет. Мындан сырткары суу түтүктөрүн жаңылоо үчүн дагы 1 млн. 200 миң сом каражат талап кылынат. Жетекчи ушул жылы республикалык бюджеттен абактын чатырын жабууга 180 миң сом каралып, иш башталганы турганын кабарлады. (MK)

XS
SM
MD
LG