Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:56

Ооган кыргыздары жөнүндө сүрөт көргөзмө өтөт


26-февраль күнү Бишкектеги тарых музейинде “Азыркыдан тарыхка сапар: ооган кыргыздарынын жашоо турмушу” деп аталган сүрөт көргөзмөсү болот.
Көргөзмөгө “МК Азия” гезитинин журналисттери Улугбек Бабакулов жана Эгамберди Кабуловдордун Улуу Памирде тарткан сүрөттөрү коюлат. Андан сырткары көргөзмөгө буюм экспонаттары, алсак кийимдер, аялдардын зер буюмдары жана баш кийимдер коюлат. Бул буюмдарды Памирдеги ооган кыргыздарынын жашоосу менен жакындан тааныш “Манас-Ата”кыргыз этникалык фондунун өкүлү Акылбек Атабаев алып келген. “Биздин сүрөттөрдө Вахан жолунда жашаган тажик, шунган жана башка улуттагы адамдар, ошондой эле соода-саттыкта катышып, жаратылыш жана тоолордун курчоосунда жашаган памир кыргыздары чагылдырылган”, - деди “Азаттыкка” көргөзмөнүн уюштуруучусу, журналист Улугбек Бабакулов. (JAk)

XS
SM
MD
LG