Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:46

Аба ырайы


22-февралда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жаан-чачын күтүлөт. Ысык-Көл, Нарын облустарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз айрым жерлерде кар жаайт. Тоолуу аймактардын автожолдору тоңголок, тайгак болот. Шамал батыштан соккон ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет, Ысык-Көл кылаасында күндүз 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 0…+5,
Талас облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз 0…+5,
Баткенде түнкүсүн -3.. +2, күндүз +2…+7 градус болот.
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -3…+2, күндүз +5 …+7,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -4…-9, күндүз -2…+3,
Нарында түнкүсүн -12…-17, күндүз -3…-8,
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -16…-21, күндүз -10…-15,
Тоолордо түнкүсүн -18…-23, ал эми күндүз -11…-16 градус болот.

Эртең Бишкекте мезгил-мезгили менен жаан-чачын күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын түнкү температурасы -2…-4 градус, күндүзгү температурасы +2…+4 градус болот. (JAk)

XS
SM
MD
LG