Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:53

Жогорку Кеңеш Камбар-Ата-1 ГЭСи боюнча келишимди ратификациялады


Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүнкү жыйында Камбар-Ата-1 жана Жогорку Нарындагы ГЭСтер каскады боюнча Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы келишимди экинчи жана үчүнчү окуудан ратификациялады. Бул келишим үчүн жыйынга катышкан 84 депутаттын 77си макул болду. Буга чейин парламенттин бир катар депутаттары Орусия менен биргеликте ГЭСтерди куруу боюнча келишим Кыргызстандын улуттук кызыкчылыгына туура келбесин айтып, каршы чыгышкан эле.

Кыргыз-орус өкмөттөрү Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу боюнча өткөн жылы сентябрь айында макулдашкан. Мындай келишимге негизинен 2008-жылы эле кол коюлган, бирок максатына жеткен эмес.

Азырынча Камбар-Ата-1 ГЭСи качан курулары белгисиз. Келишим боюнча долбоорду толугу менен Орусия каржылайт, бирок үлүш теңме-тең бөлүнмөкчү. (BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG