Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:24

Жогорку Кеңеш Кумтөр боюнча токтомду кабыл алды


Жогорку Кеңеш бүгүнкү жыйында Кумтөр алтын кенинин ишин иликтеген мамлекеттик комиссиянын корутундусунун негизинде токтом кабыл алды. Бул токтомдун ар бир пункту өз-өзүнчө коюулуп, аны жыйынга катышкан 88 депутаттын 70тен ашыгы колдоду. Ага ылайык, мамлекеттик комиссиянын корутундусунда көрсөтүлгөндөй, өкмөткө “Центерра голд” компаниясы менен 3 айдын ичинде 2009-жылы түзүлгөн Кумтөр боюнча келишимди кайрадан карап чыгуу сунушталган. “Центерра Голд” бул сунушка макул болбосо, келишимди бузуу тапшырылды. Ошондой эле Башкы прокуратурага мыйзам бузуу менен кабыл алган мурдагы келишимдерге жол берген адамдардын жоопкерчилигин кароо тапшырмасы берилди.

Буга чейин депутаттар Кумтөр боюнча токтомго толуктоолорду киргизүү зарылдыгын айтышып, профилдик комитеттерде кайрадан талкуулап, токтомду 27-февралда кароону чечишкен. Бирок кечке жуук өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевдин суранычы менен бүгүнкү добуш берүүгө коюлду.

Депутаттар Кумтөр боюнча мамлекеттик комиссиянын корутундусун эки күн удаа талкуулашты.

Кумтөр боюнча мамлекеттик комиссия былтыр түзүлгөн. Анын курамына бир катар депутаттар, министрлер, коомдук уюм өкүлдөрү кирген.

Корутундуда Кумтөр алтын кенин иштетүү боюнча 2009-жылы түзүлгөн келишим Кыргызстандын кызыкчылыгын коргобой турганы, ал бир катар мыйзам бузуу менен түзүлгөнү айтылат. Андыктан комиссия өкмөткө "Центерра голд" менен Кумтөргө байланыштуу жаңы келишим боюнча сүйлөшүү баштоо сунушун жолдогон. Өткөн аптада “Центерра голд” компаниясынын өкүлдөрү түзүлгөн кырдаалдан конструктивдүү сүйлөшүүлөр аркылуу чыгууга даярдыгын билдирген эле.(BkA)

XS
SM
MD
LG