Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:02

Калмамбетов: Камбар-Ата-1 ГЭСи 20 жылда өзүн актайт


Бул тууралуу энергетика жана өнөр жай министри Автандил Калмамбетов бейшембидеги парламент жыйынында билдирди. Министр Жогорку Нарындагы ГЭСтер каскады өзүн 14 жылда актаарын кошумчалады. Бирок Калмамбетов курула турган объекттердин өзүн акташы анда өндүрүлгөн электр энергиясынын тарифинен көз каранды экенин, анын баасы 1,9 сомго бааланса, бул мөөнөт азайышы мүмкүндүгүн маалымдады.

Нарын дарыясына курулчу ГЭСтер боюнча да, Камбар-Ата-1 боюнча да тараптар 50 пайыздан үлүшкө ээ болот. ГЭСтер өзүн актаганга чейин 25% үлүшү ишеним башкармалыгына берилет.

Кыргыз-орус өкмөттөрү Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу боюнча өткөн жылы сентябрь айында макулдашкан. Бул келишимди кечээ Жогорку Кеңештин депутаттары жактырды. Бирок айрым депутаттар Камбар-Ата-1 ГЭСи боюнча келишим Кыргызстандын улуттук кызыкчылыгына туура келбесин айтып, каршы пикирлерин билдирип келишет. (BkA)

XS
SM
MD
LG