Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:14

Кыргыз жазуучусунун китеби француз тилинде чыкты


Кыргызстандык жазуучу Талип Ибраимовдун “Периште” аттуу повести Парижде француз тилинде басылып чыкты. Китепти "Орус адабияты” (Lettres Russes) аттуу басмакана которуп баскан. Аны француз котормочусу Антонина Рубишу-Стрец которгон.

15-16-февралда Парижде “Русофония” адабият күндөрүнүн алкагында Ибраимовдун бул китебинин бет ачары өттү.

Муну менен катар фестивалдын урматына басылган “Орус адабияты” (Lettres Russes) альманахынын быйылкы чыгарылышы толугу менен Кыргызстанга арналган. Анда кыргызстандык жазуучулар Султан Раев, Турусбек Мадылбай, Данияр Деркембаев, Вячеслав Шаповалов, Ольга Суслова, Олег Бондаренко жана Дмитрий Ащулевдун чыгармалары французчага которулуп, басылды. (BkA)

XS
SM
MD
LG