Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:21

“Ата Журт” лидерлеринин сотуна КТРК жетекчиси кайрадан чакырылды


Бул тууралуу “Азаттыкка” абактагы "Ата Журттун" депутаты Талант Мамытовдун адвокаты Искендер Журабаев кабарлады. Анын айтымында, 21-февралда болгон соттук териштирүүдө КТРК жетекчиси Кубат Оторбаев ага берилген суроолордун көбүн тактоо керектигин айткан. "Бардык эле суроолорго "мен тактайын, сүрүштүрөйүн" деп жатты. Ошондуктан бүгүнкү соттук отурумга даярданып кел деп сунуштаганбыз", - деди Журабаев. Учурда Биринчи май райондук соту үч депутаттын ишин карап жатат.

Кечээ соттун жүрүшүндө депутат Камчыбек Ташиев КТРКнын жетекчиси Кубат Оторбаевди 3-октябрдагы митингден кийин “Ташиев менен Бакиевдердин телефон аркылуу сүйлөшүүсү” делген видеону эфирге бергенин айыптап, бул кимдир бирөөнүн буйругу экенин айткан. Оторбаев телеканалдын кабарчылары ал видеону YouTube сайтынан алганын айтып, Ташиевге да КТРКден сөз берүүгө даяр экенин билдирген.

“Ата Журт” партиясынын депутаттары Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов өткөн жылдын 3-октябрында Кумтөр боюнча митинг уюштуруп, бирок ал башаламандык менен коштолгон. Митинг “Ата Журт” фракциясынын депутаттарынын Ак үйдүн темир тосмосун ашып өтүүсү менен аяктаган. Азыр "Ата Журттун" лидерлери абакта отурат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG