Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:25

Ташиев Оторбаевдин коомчулук алдында кечирим сурашын кайрадан талап кылды


Бүгүн Бишкектин Биринчи май райондук соту “Ата Журт” партиясынын депутаттары Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовдун ишин кароону улантууда. Анда КТРКнын жетекчиси Кубат Оторбаев көрсөтмө берүүдө. Айрым суроолорду тактоо керек болгондуктан, Оторбаев бүгүнкү соттук териштирүүгө кайрадан чакырылган.

Соттун жүрүшүндө депутат Камчыбек Ташиев КТРКнын жетекчиси Кубат Оторбаевди 3-октябрдагы митингден кийин “Ташиев менен Бакиевдердин телефон аркылуу сүйлөшүүсү” делген видеону эфирге бергенин, бул кимдир бирөөнүн буйругу экенин айтып, коомчулук алдында кечирим сурасын деген оюн кайра кайталады. Оторбаев телеканалдын кабарчылары ал видеону Дизел сайтынан алганын билдирди. Ушундай эле көрүнүш кечээ да кайталанган. Анда Ташиевге байланыштуу видео YouTube сайтынан алынганы айтылган эле.

“Ата Журт” партиясынын депутаттары Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов өткөн жылдын 3-октябрында Кумтөр боюнча митинг уюштуруп, бирок ал башаламандык менен коштолгон. Митинг “Ата Журт” фракциясынын депутаттарынын Ак үйдүн темир тосмосун ашып өтүүсү менен аяктаган. Азыр "Ата Журттун" лидерлери абакта отурат. (КЕ/JAk)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG