Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:32

Ысык-Көлдө автобус жол кырсыгына кабылды


Ысык-Көл облусунун Түп-Кеген жолунун 24-чакырымында 1969-жылы туулган Бакыт Муканбаев Mitsubishi Princess автобусун башкарып келатып, 37 жүргүнчү менен кырсыкка кабылган. Бул тууралуу "Азаттыкка" облустук ИИБнин жол коопсуздук бөлүмүнүн башчысы Насипбек Калмурзаев билдирди.

Жол кырсыгында 14 адам ар кандай жараат алып, Ак-Суу, Түп жана Каракол шаардык ооруканаларында жатат. Облустук ооруканада жаткан 3 жабырлануучунун экөөсүнүн абалы орто.

Каракол "Автомобилист" бирикмесине Түп районундагы "Сүт-Булак" сыр зоводунун эмгек жамааты кайрылган. Ал жердеги кызматкерлерди Түп ооруканасына медициналык кароодон өткөрүп, кайра жеткирмек. "Эки жолу ташууга буйрутма алышкан. Коркунучтуу бурулуш деп коёбуз. Автоунаа тең салмакты кармай албай, айдоочу рулга ээ боло албай калган. Учурда иликтөө иши жүрүп жатат", - дейт
Н.Калмурзаев. (МК)

XS
SM
MD
LG