Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:17

Аба ырайы: Шашылыш эскертүү


22-февралдан 25-февралга чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош (121-137 жана 198-265-чакырымында), Каракол-Энгилчек (45-90), Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу (45-90, 145-150-чакырым), Ала-Бука-Каныш-Кыя (62-100) тоолуу жолдорунда кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Кар көчкү жүрүүчү аймактардагы жолдордо унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты так кармоо сунуш кылынат.

Аба ырайы

23-февралда түнкүсүн айрым, кундүз көпчүлүк аймактарда кар жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, Ысык-Көл кылаасында күндүз 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз -1…+4,
Талас облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз -2…+3,
Баткенде түнкүсүн -1.. -6, күндүз +1…+6 градус болот.
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -4…+1, күндүз +3 …+8,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -4…-9, күндүз -2…+3,
Нарында түнкүсүн -11…-16, күндүз -3…-8,
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -19…-24, күндүз -8…-13,
Тоолордо түнкүсүн -20…-25, ал эми күндүз -6…-11 градус болот.

Эртең Бишкекте мезгил-мезгили менен кар жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын түнкү температурасы -3…5 градус суук, күндүзгү температурасы +1…+3 градус жылуу болот.(КЕ)

XS
SM
MD
LG