Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:37

Элчи МакФолду орус медиасынын америкалыктарды каралоосу тынчсыздандырды


АКШнын Москвадагы элчиси Орусияны америкалык үй-бүлө асырап алган Максим Кузминдин өлүмүн “сөзимге сайып түшүндүрүүнү” токтотууга үндөдү. Акыркы аптада орусиялык расмий адамдар 3 жаштагы Максимди техастык бакма энеси катуу сабап койгондон улам өлдү деп дембе-дем кайталашкан. Лора Шато айым андай айыптоону четке каккан.

Элчи Майк МакФол өз блогунда орус маалымат каражаттарында америкалыктарды каралап көрсөтүүгө тынчсызданганын жана АКШ билйиктери баланын өлүмүнүн себебин иликтеп жатканын да жазды.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров жана АКШ мамкатчысы
Жон Керри бул окуяны эмки аптадагы жолугушуусунда талкуулашат деп боолгонууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG