Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:13

Москва Кубанын совет заманынан калган карызын кечмек болду


Бу жөнүндө орус премьер-министри Дмитрий Медведев менен Куба президенти Раул Кастронун Гаванадагы бейшемби күнкү кездешүүсүндө макулдашылды. Орусиянын өнөр жай жана соода министри Денис Мантуровдун айтышынча, Москва 30 миллиард долларлык карыздын бир бөлүгүн кечет, ал эми калган бөлүгүнүн төлөө мөөнөтүн он жылга узартат. Куба-Орусия ортолук жаңы келишимге ылайык, Гавана Орусиядан 650 млн долларга түрдүү учактарды сатып алат.

Орусия 2000-жылы Монголиянын 11 млрд доллар карызын, Вьетнамдын 10 млрд доллар, Эфиопиянын 4 млрд доллар борчун кечкен. Андан кийинки жылдары Сирияга 10 млрд доллар карызды, Эфиопияга 1 млрд доллар, Алжирге 4, 7 млрд доллар, Ооганстанга 11 млрд доллар, бай Ливияга 4,5 млрд доллар, Иракка 8 млрд долларды, Түндүк Кореяга 11 млрд долларды кечкен. Германиянын DP агенттигинин маалымдашынча, Москва 20-февралда Кыргызстандын 500 млн доллар карызын кечти.

XS
SM
MD
LG