Саламаттыкты сактоо министрлигинен маалымдашкандай, 24-февралдан тартып башталуучу бир айлык акция Кургак учукка каршы күрөшүүнүн эл аралык күнү - 24-мартта аяктайт. Бул акциянын алкагында ири шаарлардан тартып, алыскы айылдарга чейин кургак учук оорусу, аны алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча маалыматтар берилип, ар кандай сынактар өткөрүлөт.
Акциянын максаты – акыркы убактарда жайылып бараткан кургак учук оорусун алдын алуу боюнча элге кеңири маалымат берүү, жергиликтүү бийликтин жана өзүн-өзү башкаруу органдарынын көңүлүн кургак учук маселесине буруу болуп эсептелет.
24-март кургак учукка каршы күрөшүү боюнча эл аралык күн деп жарыяланган. Бул күнү немис микробиологу Роберт Кох кургак учук оорусун козгоочу таякчаны ачкан.
Кыргызстанда 2012-жылы кургак учукту жаңыдан жуктурган 5576 адам катталган, 2011-жылы бул көрсөткүч 5243 болчу. (ZKo)