Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:57

Иран Бишкек-Тегеран аба каттамын жандандырууну каалайт


Бул тууралуу Ирандын Кыргызстандагы элчиси Наджафи Али Кыргызстандын транспорт жана байланыш министри Калыкбек Султанов менен болгон жолугушууда айткан. Элчи бул маселе боюнча сүйлөшүүнү Иранда же Кыргызстанда жүргүзүүнү да сунуштады. Анын айтымында, аба каттамын калыбына келтирүү үчүн Ирандын аба компаниялары Бишкекке келүүгө даяр. Бул тууралуу Транспорт жана байланыш министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

2008-жылы 24-августта Тегеранга бараткан учак кырсыкка учурап, андагы кыргызстандык жана ирандык 65 жүргүнчү каза тапкан. Учак Ирандын Asserman air компаниясына тиешелүү болгон.

Жарандык авиация агенттигинин жетекчиси Акылбек Жумабаевдин "Азаттыкка" айтымында, Asserman air компаниясы кыйроодон кийин кыргызстандык жарандарга тиешелүү компенсацияларын, камсыздандырылган каражаттарын төлөп бербей койгон. "Бул маселе чечилмейинче кайрадан каттамды калыбына келтирүү мыйзамга жатпайт, Иран аба компаниясы өзүнүн милдеттерин аткаргандан кийин гана Бишкек-Тегеран аба каттамын жандандыруу тууралуу сөз болууга тийиш" деди Акылбек Жумабаев.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG