Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:51

Иран жаңы ядролук ишканаларды курат


Иран бийликтери ядролук кубат менен иштей турган ишканаларды куруу үчүн 16 жерди аныктагандыгын жарыялады. Ирандын атомдук кубат уюмун жетектеген вице-президенти Ферейдун Аббаси-Давани бул жарыяны ИСНА кабар агенттигинде кечээ жасады. Билдирүүдө ал жерлер кайда экени так айтылган жок. Уюм ошондой эле урандын жаңы кендери табылгандыгын кошумчалады. Бул кабарга көз карандысыз тастыктоо боло элек. Келерки шейшембиде Ирандын талаштуу ядролук программасы боюнча алты өлкө менен Казакстанда сүйлөшүү пландалган.

XS
SM
MD
LG