Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:14

Расалык бөлүнүү боюнча Кыргызстан БУУга отчет тапшырды


Кыргызстан расалык, этникалык мамилелер боюнча отчетун Бириккен улуттар уюмунун расалык бөлүнүүнү жоюу боюнча комитетинин сессиясында тапшырды. 18-19-февралда Женевада өткөн сессияга Кыргызстандан президенттик аппараттын Этникалык, диний саясат жана жарандык коом менен иштешүү бөлүмүнүн башчысы Мира Карыбаева баш болгон Башкы прокуратура, ИИМ жана ТИМдин өкүлдөрү барышты. Сессияда расалык бөлүнүүнү жоюу тууралуу комитеттин талаптарынын аткарылып-аткарылбаганы тууралуу сүйлөшүүлөрдөн сырткары жарандык коомдун өкүлдөрү да пикир алышты.

Ал эми 82-жолу өткөрүлүп жаткан сессияга Кыргызстан 5-6-7-болуп 3 отчетун бириктирип тапшырды. 2007-жылдан бери Кыргызстан бул боюнча отчет бере элек болчу.

Кыргызстан расалык бөлүүнүн бардык түрүн жоюу боюнча эл аралык конвенцияны 1997-жылы ратификациялаган. (AKu)

XS
SM
MD
LG